Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.03.2016 10:31

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну А.Дүйшалиев заманбап үй куруучу ишкана ачып иштетүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 35 жаштагы тургуну, жеке ишкер Аскат Дүйшалиев 10 кишини жумуш менен камсыздап, заманбап жаңы инновациялык стилдеги котедждерди салып, элге жардам берүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ишкер үй куруучу ишкана ачып, 10 адамды жумуш менен камсыздады. Дүйшалиевдин айтуусунда бул сүрөттөрдөгү эки кабаттуу, 140 квадрат үйлөрдүн үч өзгөчөлүгү бар.

«Биринчиден өрт жана жер титирөө кырсыгына туруктуу. Адамдын өмүрүн жогорудагыдай тилсиз жоолордон сактайт. Экинчиден кышкысын бир аз жылытса эле үй ичи жылып, бирдей жылуулукту кармайт. Жайкысын салкын болот. Үчүнчүдөн акча каражатын үнөмдөйт. Анткени үйдү башынан аягына чейин өзүбүз, ачкычына чейин бүтүрүп беребиз. 2,5 млн сомго азыр 2 же 3 бөлмөлүү гана үй сатып алса болот. Ал эми биз эки кабаттуу, баардык шарты бар, заманбап үй салып беребиз. Ал үйдүн короосунда машине токтотуучу жайы, гүл өстүрүүчү же жашылча эгүүчү аянтчасы, 3 көздүү очогу бар. Үйдүн ичинде балкону, склады дагы каралган. Сатып алгандар жөн гана кирип, ичин өздөрү каалагандай толтуруп жашай беришет», - деди Дүйшалиев.

Анын айтуусунда, бул үйлөрдүн долбоору курулушту жакшы билген, мыкты адистердин көрсөтмөсү менен түзүлгөн. Мындай жеңил конструкциядагы үйлөр өнүккөн өлкөлөрдө 1960-жылдан баштап курула баштаган.

«Маселен Японияда, Европа өлкөлөрүндө ушундай конструкциядагы үйлөрдү курушат. Ал эми биз алардын конструкцияларын карап, анан өзүбүздүн кыргыздын үй куруу менталитетин журулуштуруп, талдап, сынап көрүп, ушундай жеңил конструциядагы үй курууну өздөштүрдүк. Бул үйлөрдү куруучу курулуш материалдары, жабдыктар Бишкектеги Мамкурулуштун көзөмөлүнөн өтөт. Алардын «Кыргызстанда үй салууга болот» деген сертификаты бар. Бул үйлөр 9-10 балдык жер титирөөгө туруштук берет», - деп кошумчалады ишкер.

«Биздин максат эптеп элди алдап акча табуу эмес. Азыр жумушсуздук күч, жаштардын көбүнүн жумушу жок. Ошондуктан, мезгилдин талабын эске алдык. 2,5 млн сомду дароо эле албайбыз. Биринчи буйрутма берген кардардын үйүн ачкычына чейин бүтүрүп, 1 млн 150 миң сомун алгачкы төлөм катары алабыз. Андан соң калган экинчи төлөм бөлүгү 1 млн 350 миң сомун 7 жылга чейин, үстөк пайызы жок ипотекага беребиз. Ал эми үйдү ээсине биринчи төлөм акчаны төлөгөндө дароо эле мыйзамдаштырып, өзүнө докуметтерин өткөрүп беребиз», - деди ал.

Дүйшалиев эгер башка жактан дагы ушул сыяктуу буйрутмалар түшсө, барып үй салып берише тургандыгын айтты.
«Быйыл Бишкектен 2 буйрутма түштү. Алар атайын келип, биз салган үйлөрдү көрүп, анан буйрутмаларын берип кетишти. Былтыр 18-декабрда алгачкы жашоочубузга үйдүн ачкычын берип, киргизгенбиз. Кыш чыкканда атайын барып сурадым. Үй ойдогудай экен. Алар ыраазычылык билдиришти. Кышкысын жеңил кийим менен үй ичинде жүрүшкөнүн айтышты», - деп кошумчалады үй куруучу.

Буюртма берүүнү каалагандар А.Дүйшалиев менен 0702466666 телефон номери аркылуу байланыша алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×