Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 11.03.2016 09:59

Айыл турмушу: Ала-букалык А.Раимовдун үй-бүлөсү чырпыктан себет жасап, ар бирин 300 сомдон сатышат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Ак-Там айылындагы Ахунжон Раимовдун үй-бүлөсү чырпыктан үй шартында пайдалануучу буюмдарды жасап сатып, киреше табышат.

24 жаштагы А.Раимов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 5 жыл мурун жергиликтүү устадан чырпыктан буюм жасаганды үйрөнгөн. Учурда анын үй-бүлөсү бул иш менен убактылуу алектенүүдө.

«Көбүнчө чырпыктан себет жасап, борбордук базарга алып барып сатабыз. Аптасына 20 даана себет жасап, алардын ар бирин 300 сомдон сатабыз. Бир буюмду жасоого эле 4 кишинин 3 сааттык убактысы кетет. Мага жубайым, апам жана жеңелерим жардам берет», - дейт ал.

Алар чырпыктын кабыгын аарчып жасагандыктан буюмдар кооз болуп көрүнөт. Чырпыктан буюм жасоо иши кеч күздөн тарта эрте жазга чейин уланат. А.Раимов жайкысын ширетүүчүлүк менен да алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×