Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 10.03.2016 16:50

Айыл турмушу: Ала-Букада 21 жаштагы жигит күнөскана ачып ишкерлик баштады (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы Ызар айылынын 21 жаштагы тургуну Талгат Акпаралиев өз короосуна күнөскана ачып, алгачкы түшүмүн сатыкка чыгара баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдады.

Ал күнөскана ачуу үчүн БУУнун өнүктүрүү программасына атайын долбоор жазып, каражат алган. Сарпталган каражаттын жарымын өзү каржылады.

Учурда күнөсканада помидор, бадыраң жана башка жашылчаларды, гүлдөрдүн түрлөрүн өстүрүүдө.

«Бул ишти баштоого көп мээнет жумшадык. Талыкпай эмгектенүү менен кыйынчылыктарды жеңип жатабыз. Күнөсканада жашылчаларды өстүрүү үчүн атайын окууга катышпай, өз алдынча изденүү менен үйрөнүп жатам», - деди ал.

Жаш дыйканга ата-энеси жардамдашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×