Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 10.03.2016 12:55

Ноокендин Арал айыл өкмөтүнүн башчысы 10 айдан бери шайлана элек

Turmush -  Ноокен районунун Арал айыл өкмөтүдө 10 айдан бери убактылуу башчы иштеп жатат. Мурдагы айыл өкмөт башчынын мыйзамсыз иштери аныкталгандан кийин кызматтан алынган.

Жергиликтүү кеңештеги айрым депутаттардын айтымында, аким мурдагы айыл өкмөт башчыны кайра кызматка алып келүүгө кызыкдар болгондуктан айыл өкмөт шайланбай жатат.

Ал эми аким Абдырахман Осмоновдун айтымында, мурдагы айыл өкмөт башчынын иши боюнча сот чечим чыгаргандан кийин гана айыл өкмөт башчы шайланат. «Мурдагы айыл өкмөт башчынын иши учурда сотто каралып жатат. Сот аны айыптуу деп тапса, анын ордуна жаңы айыл өкмөт шайланат. Азырынча сот чечим чыгара элек», - деди А.Осмонов.

Арал айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Жалал-Абад облустук прокуратуурасы жерди мыйзамсыз ижарага берип, андан түшкөн пайданы өзүнө ыйгарып алды деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×