Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 10.03.2016 10:19

Аксыда мал уурулукка шектелген жарандын мал-жандыктарын малын жоготкон айылдаштары бөлүп алышты

Turmush -  Аксы районунда мал уурулукка шектелип кармалган жарандын үйүндөгү мал-жандыктарды мурда малын жоготкондор бөлүп алышты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, мал уурулукка шектелип кармалгын адам 1 баш жылкы жана 3 уй уурдаганын моюнуна алгандыгы үчүн малын жоготкон айылдыктар анын мал-жандыктарын алып кетишти.

Өзүнүн бир тууганынын малын уурдады деп шектелип кармалган М.М. мурда дагы 1 баш жылкы жана 3 баш уй уурдаганы боюнча түшүнүк кат жазып берген.

Мурдараак маалым болгондой, Аксынын Мукур айылынын 27 жаштагы тургуну өзүнүн айылдашынын малын уурдады деп шектелип кармалган. Жергиликтүү тургундар милицияга ууру менен жолугуштуруу талабын коюп, кармалган жарандан шериктерин айтууну талап кылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×