Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.03.2016 18:51

Жалал-Абаддагы медициналык мекемелердин ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер айтылды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жайгашкан саламаттыкты сактоо мекемелериндеги айрым кетирилип жаткан кемчиликтер аныкталды жана аларды жоюу жагы Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медициналык борборуна эскертилди. Мындай маалыматты Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, бүгүн, 9-мартта Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аткаруу комитетинин отуруму болуп, Жалал-Абад шаарындагы облустук бириктирилген оорукананын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө маселе каралды.

Аталган борбордун директору Маматжан Мияновдун Жалал-Абад шаарында жайгашкан саламаттыкты сактоо мекемелеринде чечүүгө мүмкүн болгон көптөгөн маселелерге көңүл кош мамиле жасоо менен жетишээрлик көзөмөл жүргүзбөй, одоно кемчиликтердин орун алышына жол бергендиги айтылды.

Анда директор өкмөттүн 2013-жылдын 2-декабрындагы «2014 –2017-жылдарга өлкөдөгү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча чаралардын комплекси жөнүндөгү» №650 токтомун аткарууну колго албай, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саламаттыкты сактоо мекемелерине кирүүсүнө ыңгыйлуу шарт түзбөй, өз ишине кайдыгер мамиле жасагандыгы белгиленди жана кемчиликтерди жоюу жагы талап кылынды.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 2014-2015-жылдары энелердин өлүмү катталган эмес.

Ал эми ымыркай балдардын өлүмү 2015-жылы 29 болуп, көрсөткүчү 12,9% болсо, 2014-жылы 32ге жетип, көрсөткүчү 14,7%ды түздү.

Тактап айтканда балдардын өлүмү 2015-жылы 1,8%га азайган.

Бирок атайын текшерүүлөр облустагы саламаттыкты сактоо тармагында дагы эле көп кемчиликтер бар экендигин ашкереледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×