Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу 09.03.2016 17:29

Иринжит орто мектебинде X-XII кылымдарга таандык шаардын дубалынын калдыктары сакталып турат (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Иринжит орто мектебинде X-XII кылымдарга таандык шаардын дубалынын калдыктары сакталып турат. Мындай маалыматты Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына мектептин тарых мугалими Назира Акматова билдирди.

Анын айтымында, алгач X-XII кылымдарда Кош-Дөбө аймагы Ранжад шааары деп аталып келген. Ранжад шаары кылымдар алмашып олтуруп Иринжит деп аталып калган.

Азыркы күндө мектептин музейинде X-IX кылымдарга таандык экспонаттар сакталып турат. 10 кылым өтсө да Ранжад шаарынын калдыктарынын сыры өчпөй сакталып калган. Учурда Иринжит өрөөнүндө 15 миңден ашуун калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×