Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.03.2016 17:07

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 60 жаштагы тургуну Р.Жайлообаева жеке бала бакча иштетүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 60 жаштагы тургуну Раткан Жайлообаева 2012-жылдан бери өзүнүн жеке менчик бала бакчасын иштетип келүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Р.Жайлообаеванын айтымында, ал 33 жыл бала бакчада тарбиячы болуп иштеген. 1977-жылы Фрунзедеги Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтун бүтүргөн.

1983-жылдан баштап Нарын ГЭСтин, Шамалдуу-Сай шаарчасындагы «Аленушка», андан соң, Кара-Көлдүн №1 бала бакчасында тарбиячы, методист болуп эмгектенген.

«Өмүр бою бала бакчада иштедим. Балдарды жакшы көрөм, алардын таза, ичинде кири жок чөйрөсүнө көнүп калгам. Мен балдар менен иштөөдөн ырахат алам», - дейт ал.

Ал «Золотой Улей» бала бакчасын 2012-жылы жай айларында көпчүлүк ата-энелердин суроо-талабы менен ачкан. Биринчи топко 50 бала кабыл алынып, ошол эле жылы 4 топ ачылган.

«Биз 1,5 жаштан жогорку балдарды кабыл алып, аларды мектепке даярдайбыз. Заманбап методика менен окутабыз. 4 маал тамак ичишет. Тарбиячыларды тандап, орус тилдүүлөрүн алам. Анткени биздин бала бакча орус тилдүү, балдардын сүйлөөсүн өстүрүү, байытуу, дене тарбия, математика, сүрөт тартуу, көркөм адабият сабактарын өтөбүз. Майрам сайын иш-чара уюштурулат», - деди ал.

Р.Жайлообаеванын 1 кызы, 1 уулу, 4 небереси бар. Жолдошу Калыбеков Умарбек кесиби боюнча энергетик. «Жолдошум 1983-2007-жылдар аралыгында энергетика тармагында иштеп, жөнөкөй мастерден тартып башкы инженерге чейинки кызматтарды аркалады», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×