Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.03.2016 16:12

Жалал-Абад шаарынын мэриясы жаңы оорукана курууну пландап жатат

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаарда бардык шарттары бар жаңы оорукана куруу ниетинде. Бул тууралуу бүгүн шаар мэриясынын аткаруу комитетинде белгилүү болгондугун мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Аткаруу комитети шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишин кароо менен кабыл алган токтомдо шаардык мэриянын долбоорлоо бөлүмүнүн, Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин, Жалал-Абад шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчыларына шаардыктарга жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыздоо максатында бардык шарты бар оорукана куруу боюнча сунуш берүү милдетин жүктөдү.

Жалал-Абад шаардык ооруканасы 1991-жылы облус кайрадан түзүлгөн учурда облустук макамга ээ болуп, бирок жалпы базасы ошол бойдон калган. Азыр облустук клиникалык ооруканада 20 бөлүм, 640 орун болсо, анын 385и балдар үчүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×