Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу 09.03.2016 12:12

Ош—Бишкек жолунда күйүүчү май ташыган унаалар кырсыкка учурап, өрттөнүп кеткен учурлар көбөйүүдө (фото)

Turmush -  Ош-Бишкек автоунаа жолунда күйүүчү май ташып бара жаткан автоунаалар кырсыкка учурап, өрттөнүп кеткен учурлар көбөйүүдө. Бул тууралуу облустук өрткө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, 2016-жылдын 2 айында 65 өрт кырсыгы катталып, анын ичинен 6 өрт кырсыгы автоунааларда, гараждарда чыккан.Өрттүн кесепетинен 5 унаа күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен 2 унаа сакталып калган.

2016-жылдын 4-февралында Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагына караштуу Ош—Бишкек автоунаа жолунун 500 чакырымында «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү жана «ДАФ» үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаалар бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада жеңил унаадагы 4 адамдын экөө мерт кеткен. Күйүүчү май ташыган унаадагы 30 тонна бензин күйгөн.

2016-жылдын 27-февралында Кара-Көл шаарынын аймагындагы Ош—Бишкек унаа жолунун 355-чакырымында күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып, өрттөнгөн. Натыйжада ташып келе жаткан 37 тонна 104 литр бензин толугу менен күйүп кеткен.

Өрткө каршы кызмат өрт кырсыктарын болтурбоо максатында күйүүчү май ташуучу унаалардын айдоочуларына жолдо жүрүү жана өрт коопсуздук чараларын так сактоону, жеңил унаалардын ээлерине унаалардын техникалык абалын дайыма көзөмөлдөп турууну, автоунааларды өрт өчүргүчтөр менен камсыздоону, ылдамдыкты чектен ашырбоону эскертет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×