Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 09.03.2016 12:11

Чаткалдагы урууга бөлүнгөн мушташта жабыркаган жарандын туугандары соттун чечимине нааразы (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Шакафтар айылында массалык мушташта жабыркаган жарандын туугандары соттун чечимине нааразы. Бул тууралуу жабыркаган Базарбай Акимбековдун кызы Айпери Базарбай кызы Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, массалык мушташта жабыркаган Б.Акимбековдун абалы эске алынбай, токмоктогон жаран сот тарабынан акталды.

«Өткөн жылдын 18-августунда атам айылда ашар жолу менен курулуп жаткан курулушка барган учурда Керимбек атту жаран "сен башка уруудансың" деп урушуп, аны токмоктоп салган. Атам ошол токмоктон кийин оорулуу болуп калды. Ур-токмокко алган жарандар жогорку кызматтарда иштеген туугандарын ортого салып, райондук соттон акталып чыкты. Учурда атама кысым көрсөтүп жатат. Сот акыйкат чечим чыгарбай, атамдын чыгымдары төлөнгөн жок», - деди А.Базарбай кызы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×