Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 09.03.2016 10:50

Аксыдагы банк кызматкери кесиптешин атып, андан соң өзүн өлтүргөн окуя боюнча ишти кароо токтотулду

Turmush -  Аксы районунун Кербен шаарындагы банк кызматкери кесиптешин атып, андан соң өзүн өлтүргөн окуя боюнча ишти кароо токтотулду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, банктын эки кызматкеринин иши кыскартылды. Учурда иш токтотулганына байланыштуу, тергөө иштерине кызматкерлердин жакындарын чакыруу токтотулду. Бирок, эки көзөтчүнүн жетекчилери тергөөгө чакыртылып, суракка алынат.

Белгилей кетсек, аталган окуя өткөн жылдын 29-декабрынан 30-декабрына караган түнү саат 03:00дөр чамасында болгон. Эки кызматкер спирт ичимдигин ичкенден кийин уруша кетишкен. Натыйжада А.Б. жанындагы Ш.С. аттуу шеригин атып өлтүргөн. Андан соң кызмат ордун таштап Кербен шаарындагы үйүнө барып, өзүнө өзү ок чыгарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×