Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.03.2016 11:28

Кыргызстандын аймагында жер титиреди

Turmush -  Кыргызстандын аймагында кечээ, 5-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:35те очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында, Жар-Кыштак айылынан 5 км түштүктө, Дардак айылынан 7 км батышта, Жалал-Абад калаасынан 25 км түштүк-батышта, Ош шаарынан 35 км түндүк-батышта жайгашты.

Жер титирөө Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга, Жар-Кыштак, Арал, Дардак айылдарында 3,5 баллга, Сузак, Жийде, Жаңы-Жер, Бек-Абад айыл аймактарында 3 баллга жана Кызыл-Ай, Таштак, Кайырма айыл аймактарында 2,5 баллга сезилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×