Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Жалал-Абад

Кара-Көл шаарынын жаңы дайындалган биринчи вице-мэри Н.Жекшеевдин өмүр баяны

Turmush -  Кара-Көл шаарынын биринчи вице-мэри болуп жаңы дайындалган Н.Жекшеев 1973-жылы Кара-Көл шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кесиби боюнча инженер-гидротезник. 1993-1998-жылдары Кыргыз аргардык академиясында билим алган.

Эмгек жолун 2001-жылдан 2003-жылга чейин Кара-Көл шаарык мэриясында курулуш жана өнөр жай боюнча башкы адис болуу менен баштаган.

2003-жылдан 2005-жылга чейин Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармасынын башкаруучусу болгон.

2005-2006-жылдары Токтогул Каскаддар ГЭСинде объекттерди эксплуатациялоо боюнча координациясында иштеген.

2006-жылдан 2009-жылга чейин Россиянын Сахалин шаарындагы «Рабочий-1» ЖЧКда мастер болуп иштеген.

2009-жылдан 2014-жылга чейин «Кыргызгидроспецстрой» ААКта инженер болуп, андан кийин ААКтын курулуш боюнча директору болгон.

2014-жылдан 2015-жылдын июнь айына чейин «Кыргызгидроспецстрой» ААКтын техникалык директору, 2015-жылдан тарта «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКтын адистик техникалык бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1700
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×