Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 05.03.2016 10:25

Ала-Букада аткезчилик жол менен ташылып бараткан 2 млн сомдук смартфондорду кармады

Turmush -  Ала-Букадагы чек арачылар аткезчилик жол менен товар ташып бараткан жарандарды кармады. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 5-мартта Кыргызстандын жараны Өзбекстанга «Samsung Galaxy» үлгүсүндөгү 129 даана смартфондорду алып кетүүгө аракет кылган. Анын жалпы баасы 2 млн сомго жетет.

Ошондой эле кармалган жарандан 1 млн сомдук медициналык дары-дармектер табылды.

Кыргызстандык жаранда өздүгүн тастыктоочу документтери да жок болуп чыкты.

Кармалган адам тиешелүү укук коргоо органдарына тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×