Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 05.03.2016 09:59

Фото - Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр зымына тоодон парашют менен учуп жаткан жергиликтүү тургун илинип калды

Turmush -  Жалал-Абаддагы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндөгү Боз-Чычкан айылында Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр зымына тоодон парашют менен учуп жаткан Гальгалский Владимир Франсеевич илинип калган.

Жалал-Абад шаардык электр тармактар ишканасынын башчысы М.Муратов кошулуп, ишканадан 7 киши куткаруу иштерине жардам беришкен.

ӨКМдин №58 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучу, №20 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу жана Жалал-Абад шаардык куткаруу кызматынан 1 куткаруучу куткаруу иштерин жүргүзүштү, деп билдирди ӨКМ.

Электр тармактар ишканасынан 2 адам электр устунуна чыгып, парашюттун жиптерин кесип, электр зымында жүрүүчү чыгырык менен В.Гальгалскийдин белине жип ороп, тартып алышкан. Жабыркагандар жок.

1968-жылы туулган В.Гальгалский Ноокен районунун Масы айылынын тургуну. Окуя кечээ, 4-мартта болгон.

11 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×