Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 04.03.2016 10:38

Жалал-абаддыктарды жумушка орноштуруу убадасы менен алдап, акча алып жүргөн адам кармалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

А 1

Маалыматка ылайык, кармалган О.А. аттуу жаран алдоо жолу менен адамдардан ири суммадагы акчаларды алып жүргөн. Ал 2015-жылдын май айында Сузак районунун тургунун токой чарбага жумушка орноштурам деп 4500 сом алган. Мындан сырткары, 2016-жылдын январь айында райондун К.Ж. аттуу тургунунан 130 миң сом алган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Сузак РИИБи сүрөттөгү айыпкердин мыйзамсыз иш аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо 03748 5 02 09 телефон номуру аркылуу байланышууну өтүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×