Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Жалал-Абад облусу 03.03.2016 13:34

Быйыл Кара-Көл шаарында спорт зал куруу пландалып жатат, - мэр М.Койчиев

Turmush -  Кара-Көл шаарында ушул жылы заманбап күрөш залын куруу тууралуу сунуш шаардык мэрия тарабынан шаардык кеңешке берилген. Бул тууралуу шаар мэри М.Койчиев Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

«Бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Шаардык кеңеш быйылкы жергиликтүү бюджетти бекиткенден кийин жыйынтыгы белгилүү болот. Күрөш залын курууга 13,5 млн сом керек. Бирок жергиликтүү бюджет кабыл алынган соң, бул сумма өзгөрүшү мүмкүн. Эки мат төшөлүп, көрүүчүлөр үчүн 300 орундуу жай орнотулат. Жуунучу жана кийим чечүүчү жайларды кошо куруу каралып жатат», - деди М.Койчиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×