Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу 02.03.2016 12:10

Айыл турмушу: Ноокендик багбандын тропикалык өсүмдүктөргө толгон күнөсканасы (фото)

Turmush -  Ноокендик багбан Салижан Закиров банан, киви, лимон, ананас, курма сыяктуу тропикалык өсүмдүктөрдү күнөсканада өстүрөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Багбан 10 жыл мурда чет мамлекеттен банандын  2 түп көчөтүн алдырып, үй шартында отургузган. Учурда банан дарагы 90 түпкө көбөйдү. Быйыл түшүм алуу алдында турат.

Салижан Закировдун күнөсканада жашылча өстүрүп, тиричилик өткөргөнүнө 20 жылдан ашты. Аалгач 1 түп лимон өстүрүүнү колго алган. Ал лимон 7 түпкө көбөйгөн. Андан соң апельсин өстүрүп көрдү. Ошол эле учурда күнөсканада бадыраң, помидор, кулпунай жана гүлдүн түрүн өстүрөт. Өз алдынча изденип жүрүп, күнөскана курууну да өздөштүрүп алган.

Мурда чакан күнөсканасы болсо, 2010-жылы экинчи күнөскананы курган. Экинчи күнөскананы куруу үчүн жерди 3 метр тереңдикте казып, ал жерден 90 унаа топурак чыккан. Күнөскананын четин кирпич менен тосуп, сыртта өстүрүп жаткан банандын көчөтүн күнөсканага которгон.

«10 жыл мурун 100 долларга Өзбекстандан банан көчөтүн алдыргам. Кышкысын жылуулап өстүрүп келгем. 2 банан 9 түпкө көбөйдү. Эки четине 22 лимон отургуздум. Учурда банан 100гө жакын түп болду. Алгач отургузган банан былтыр күз мезгилинде бирин-экин түйүп, жыл башында бышты. Азыр да түйүп калды. Быйыл алгачкы түшүмүн берет.

Күнөсканада жылуулук 20 градустан жогору болсо жакшы экен. Банандын дарагы улам өсүп турат. Күнөскананын бийиктиги 6 метр болгондуктан кыркып турууга туура келет», - деди багбан.

Бул тропикалык күнөсканада арабиялык курма өсөт. Ал өсүмдүктү өстүргөнүнө 8 жыл болду. Пальманын да түрлөрүн кезиктирүүгө болот. Жалпысынан тропикалык өсүмдүктөрдүн 20га жакын түрү бар.

Багбан элге күнөсканаларды курууну эле үйрөтпөстөн, өзү кызыгып өстүргөн банандын көчөттөрүн да өлкөнүн дубандарына таратып жатат.

22

21

12

11

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×