Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 02.03.2016 11:08

Айыл турмушу: Чаткалдык Ж.Жолдошов эт багытындагы асыл тукумдуу уй, койлорду багып, анын санын көбөйтүүдө (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын тургуну Жунусбек Жолдошов мындан 5 жыл мурун эт багытында уй менен кой багуунун жаңы ыкмасын өздөштүргөн.

Айылда асыл тукумдуу малдын санын көбөйтүү максатында Чүйдүн Сокулук районунан эт багытындагы уйларды, Өзбекстандан кочкорлорду алып келген.

Ж.Жолдошев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, учурда эт багытындагы асыл тукумдуу букаларга суроо-талап көбөйүүдө.

«Мен 5 жыл мурда Сокулуктан эт багытындагы уйлардын 3 торпогун алып келгем. Торпоктордун букаларын сатып, ургаачыларын багып жатам. Азыр төл берүүчү 2 баш уй жана 3 бука бар. Негизинен эт багытындагы уйларга, букаларга суроо-талап көп болот экен», - деди ал.

Ал айылга 45-50 килограммга чейин эт берген кочкорлорду Өзбекстандан алып келгендигин жана учурда асыл тукумдуу козуларды алып жаткандыгын белгиледи.

«Азыр айылда асыл тукумдуу кой менен уйларды көбөйтүү колго алынууда. Асыл тукумдуу букалар 300 килограммдан ашык эт берсе, кочкорлор 45-50 килограммга чейин эт берет. Эгер аларды жакшылап бакса, андан дагы көп эт бериши мүмкүн», - дейт Ж.Жолдошев.

Ал учурда Чаткал райондук ветеринардык көзөмөл борборунун башчысы болуп эмгектенет. 5 баланын, 9 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×