Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 01.03.2016 10:02

Айыл турмушу: Сузактык У.Хасанова балдары менен адырларда сейилдеп, самса жана манты жасоо үчүн чырыч өсүмдүгүн терет (фото)

Turmush -  Сузак районунун Барпы айылынын жашоочусу У.Хасанова эрте жазда «Жалал-Абад» курортунун адырларында сейилдеп, тамак жасоого колдонулуучу чырыч өсүмдүгүн терүү менен алектенет.

У.Хасанованын айтымында, эрте жазда дөбөлөрдө жашылчалар көп, аларды колдонууга жана сатууга дагы чогултса болот.

«Биздин үй-бүлөбүз чоң, 4 балабыз бар. Биз сейилдөө менен бирге жашылча да чогултабыз. Бул чөп менен ар кандай тамактарды жасаса болот. Жашылчаны самсанын, чүчбаранын, манты сыяктуу тамактардын ичине салса болот. Абдан даамдуу жана пайдалуу. Балдарым мага дайыма жардам беришет. Бул дөбөдө жашылчалар көп, аны чогултуу үчүн көп басууга туура келет», - дейт ал.

У.Хасанова билдиргендей, бул жашылча базарда дагы сатылат. Анын килограммы 20 сомдон 40 сомго чейин бааланат.

«Адырлардагы чырыч экологиялык жактан таза өсөт. Аны атайын отургузушкан жок, бирок пайдасы абдан көп. Өзгөчө жазында балдарга жакшы витамин болот. Чырыч жашыл пиязга окшош, бирок даамы бир аз башкача», - деди У.Хасанова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×