Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.02.2016 11:49

Айыл турмушу: Жалал-Абаддын 86 жаштагы тургуну К.Анарбаев мекеме-ишканаларды кыдырып кымыз, күрүч сатат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 86 жаштагы тургуну Кыпчакбай Анарбаев мекеме-ишканаларды кыдырып, кымыз, күрүч сатуу менен алектенет.

К.Анарбаев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, анын 8 баласы, 6 кызы бар.

Балдары анын мекеме-ишканаларды аралап соода кылганына каршы, бирок ал үйдө отурууну каалабайт. Кымызды жакын тууганынан алып, 30 литр кымызды 1-2 күндө сатып бүтүрөт.

«Үйгө чейин кымыз издеп барган кардарлар болот. Ошондуктан мекеме-ишканаларды өзүм кыдырам», - дейт карыя.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×