Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 26.02.2016 11:28

Айыл турмушу: 47 жаштагы темир уста А.Хамракулов Ала-Буканын айылдарын кыдырып, буюртма берген кардардын үйүндө кызмат көрсөтөт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Сапалак-Сай айылынын 47 жаштагы тургуну Айбек Хамракулов 35 жылдан бери темир устачылык менен алектенет. Мындан тышкары темир үй буюдарын, идиш-аяктардын сынган жерлерин бүтөп, каражат табам, деди ал Turmush басылымасынын кабарчысына берген маалыматында.

Анын айтымында, темир устачылыктын сырларын атасынан үйрөнгөн. Учурда ал жука темирден самоор, үй мештери үчүн нан бышыруучу буюмдарды жана башка ушул сыяктуу үй тиричилигине керектелүүчү буюмдарды жасайт. Ошондой эле ал буюртма аркылуу айылдарды, үйлөрдү кыдырып кызмат көрсөтөт.

«Көчүп жүрүп буюм жасаганга менде бардык шарттар бар. Айыл кыдырып, элдерге жеринен кызмат көрсөтөм. Болжол менен күнүнө 300 сомго чейин каражат табам. Алты баламды ушул кесип менен багып келем», - деди А.Хамракулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×