Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 24.02.2016 08:10

Айыл турмушу: Дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенген токтогулдук А.Кожомбердиев кышкысын ат жабдыктарын жасайт (фото)

Turmush -  Токтогул районундагы Кара-Тектир айылынын тургуну Азамат Кожомбердиев ат жабдыктарын жасоо менен алектенет. 5 жылдан бери дыйканчылык, мал чарбачылыгынан сырткары устачылык менен алектенип, кошумча киреше таап жатканын Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.

Анын айтымында, кыш мезгилинде мал багуудан сырткары устачылык менен алектенип, бош убактысын пайдалуу өткөрөт. Өзүнүн үйүндөгү чакан устаканадан жасаган аттын 1 жуп такасын 400 сомго, жыгачтан жасалган ээрди 5 миң сомго, темирден жасалган орус ээрди 2500 сомго баалайт.

«Сезон мезгилинде жумасына 20 атка така чапканга жетишем. Азыр кыш мезгили болгондуктан така алуучу кардарлар аз», - деди ал.

Ошондой эле үй жумуштарына керектүү шаймандарды буюртмаларга жараша жасап, эмгектерин райондун борборундагы мал базарга алып чыгат.

Жеке ишкер катары патент алган А.Кожомбердиев керектүү материалдарды толугу менен өзү даярдайт. Айыл ичинен уйдун терисин сатып алып, аны ашаткандан кийин, сырдап, кара түскө боёп, ээрге чаптайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×