Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 23.02.2016 18:48

Базар-Коргондун Кызыл-Үңкүр айылындагы үй-бүлөлүк окуу борборунун ишмердүүлүгүнө 2 жыл толду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында үй-бүлөлүк окуу борбору 2 жылдан бери балдардын ой жүгүртүүсүнүн өсүшүнө шарт түзүп келет. Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, борбор «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун каржылоосунда ачылган.

Учурда бул борборго 6-7 жаштагы балдар, ата-энелери менен биргеликте келет.

Борбор жомок жана тарбиялык мааниси бар сүрөт китептер менен камсыздалган. Ата-энелер балдарга күн сайын түрдүү жомок, аңгемелерди окуп, түшүндүрүп беришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×