Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 17.02.2016 09:43

Айыл турмушу: Ала-букалык З.Рысматова бир айда 10 кызга сеп даярдап, ар бирин 40 миң сомго баалайт (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын 56 жаштагы тургуну Зуура Рысматова мындан 3 жыл мурда кыздардын себине төшөктөрдү тигүү боюнча атайын цех ачып, 8 адамды жумуш менен камсыз кылган.

З.Рысматова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, алгач иш баштоо алдында ЮСАИДге долбоор жазып, бөлүнгөн каражатка төрт даана тигүүчү машина сатып алган.

Бүгүнкү күндө ал көрпөчө, жаздык, ала кийиз, туш кийиз жана улуттук кийимдердн түрлөрүн кооздоп тигүүдө.

«Биз буюртма боюнча көбүнчө кыздарга сеп даярдоо менен алектенебиз. Бир кызга септи толугу менен даярдоо үчүн орточо эсеп менен 40 миң сом керектелет. Буюртма көп болгондуктан айына болжол менен 10 кызга сеп даярдоого жетишебиз. Биз даярдаган жууркан, төшөктөр башкалардан айырмаланып заманбап стилде кооздолуп, сапаттуу кездемелерден тигилет», - дейт З.Рысматова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×