Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 16.02.2016 18:47

Кара-Көлдө 150дөй балбан катышкан эркин күрөш боюнча шаарлар аралык турнир өттү

Turmush -  Кара-Көл шаарында советтик армиянын Ооганстандан чыгарылгандыгынын 27 жылдыгына карата эркин күрөш боюнча шаарлар аралык турнир өттү. Бул тууралуу шаардык спорт жана дене тарбия бөлүмүнүн башчысы Д.Алымбаев билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара Ооган согушунун катышуучулары И.Ажыматов менен А.Каиповдун жаркын элесине арналды. Ага Токтогул району менен Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларынын 150дөй балбаны катышып, 24 кг салмактан 63 кг салмакка чейинки балбандар күч сынашты.

Жыйынтыгында 24 кг салмактагы балбандардын ичинен биринчиликти Таш-Көмүр шаарынын тургуну Д.Бекжанов жана 63 кг салмак боюнча А.Сөлпиев ээледи.

Жеңүүчүлөргө диплом, Ардак грамота, акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Жалпы командалык жыйынтык боюнча Кара-Көл шаарынын балбандары жеңишке жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×