Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 16.02.2016 18:30

Айыл турмушу: Ала-букалык А.Качиев дарылык касиетке ээ чөптөрдү кургатуучу цех иштетүүдө (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Сыргак айылынын тургуну Абдуманап Качиев айыл чарба өсүмдүктөрүн жана дарылык касиетке ээ чөптөрдү кургатуучу цех ачып иштетүүдө.

А.Качиев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал цехте помидор, болгар калемпирин ар кандай ыкмалар менен кургатат жана туздайт.

Ал өндүргөн продукцияларын ашкана, кафелерге, Жалал-Абад шаарындагы ири дүкөндөргө дүң баада сатат.

Ал эми кургатылган дары чөптөрдү Бишкек шаарындагы медициналык борборлордун буюртмасы боюнча даярдайт.

А.Качиев цехте өндүрүлгөн продукцияларды чет өлкөгө экспорттоону пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×