Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Кара-бууралык Р.Бекболсунов жапон тукумундагы бөдөнөлөрдү багып, жумурткасын 5 сомдон сатат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын 67 жаштагы тургуну Рыскул Бекболсунов бөдөнө багып, жумурткасын сатуу менен киреше табат.

Р.Бекболсунов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, бөдөнө багуу башка канаттууларга караганда кирешелүү болуп эсептелинет. Бөдөнөлөрдү мындан 5 жыл мурун Бишкек шаарынан алып келген. Азыркы тапта жапон тукумундагы эт жана жумуртка багытындагы 200 бөдөнө багууда.

«Бөдөнө багылуучу жайда алар үчүн керектүү шарттар түзүлгөн. Бөдөнө таза суу ичет. Андыктан суусун улам алмаштырып туруу кажет. Алар жайгашкан жердин температурасын көзөмөлдөп туруу керек. Үйгө келген кардарларга 1 жумуртканы 5 сомдон сатам. Азыр базарда бөдөнөнүн жумурткасы 7-8 сомго бааланууда. Бөдөнөнүн жумурткасы диеталык азык болгондуктан, адамдын организминдеги иммунитетти бир калыпта кармап турууга шарт түзөт. Жумуртка аркылуу илдеттин жугуп калуу коркунучу жок болгондуктан аны чийки боюнча да ичсе болот.

Ошондой эле, бөдөнөнүн жумурткасы адамдын эс тутумун калыбына келтирип, тиштин жана чачтын түшүүсүн алдын алат», - деди ал.

Ал көп жылдан бери алма өстүрүү менен алектенип, темир устачылыкты да колго алган.

«Айыл тургундарына жардам берүү үчүн темир ширетүүчү жана башка станокторду иштетем. Жылына төө буурчактын түшүмүн жыйноочу комбайндарды жасайбыз. Дыйканчылыкка да кайдыгер карабайм. Короого мөмө-жемиштердин түрүн өстүрөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9600
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×