Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.02.2016 10:40

Айыл турмушу: Кара-көлдүк ардагер Е.Самсонов Ооган согушуна 18 жашында аттанган (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 53 жаштагы тургуну, Ооган согушунун ардагери Евгений Самсонов согушка 18 жашында чакырылган. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, ал 1980-жылы Ооганстандын Шинданд провинциясында бир жарым жыл кызмат өтөгөн.

«1980-жылы 10-классты бүткөндөн соң Токтогул районунан 4 бала Ооганстанга аскердик кызмат өтөөгө чакырылдык. Төртөөбүздү төрт жакка бөлүштү. Анда барыбыз 18 жашта элек. Мен Шинданд провинциясындагы аскер бөлүктө кызмат өтөдүм. Көбүнчө буктурмада (засада) турдум. Кайсыл айылда басмачы же душмандар бар экендиги тууралуу штабга кабар келет. Штабдын командири бизди аскер бөлүктөн ошол жерге түнкүсүн жашыруун буктурмага жайгаштырат. Таң атканда айылды душмандардан тазалоо иштерин жүргүзчүбүз», - дейт ал.

Ардагердин айтымында, ал мектепти бүткөндөн кийин 3 ай даярдыктан өтүп, дароо согуш талаасына жиберилген.

«Азыркы муунга согуш тууралуу айтсак жомоктой эле кабыл алышат. Согушту биз өз көзүбүз менен көрдүк. Согуш деген сөздүн өзү кулакка канчалык жаман угулат. Ал эми аны көргөн адамдын жүрөгүндө кандай сезимдер жаралары айтпасада белгилүү болсо керек», - деди ал.

Ардагерлер майрам күндү чогуу белгилешет. Жылына 15-февралда шаардагы 15ке жакын ардагер жолугуп, көзү өтүп кеткен ардагерлерди эстеп, алардын жаркын элесине арналып спорттук мелдештер өткөрүлүп турат.

Е.Самсонов Ооганстанда аскер кызматын өтөп келген соң сантехник, ширетүүчү, электр монтаждоо иштерин өздөштүрүп алган. Учурда ушул кесиптин арты менен каражат таап келет.

Мамлекет тарабынан Ооган согушунун катышуучусу катары 6 миң сом компенсация алат. Жубайы Татьяна Самсонова менен 30 жылдан бери чогуу жашашат. Алардын бир уулу, бир кызы жана 2 небереси бар.

33

34

35

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×