Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 11.02.2016 15:17

Тогуз-Торо районундагы кошмо жыйындын төрагасы болуп А.Көчөрбаев кайрадан шайланды

Turmush -  Тогуз-Торо районунда кечээ, 10-февралда айылдык кеңештердин депутаттарынын кезектеги райондук кошмо сессиясы болуп өттү. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева билдирди.

Маалыматка ылайык, анда 2015-жылдын жыйынтыктарын чыгаруу жана райондук кошмо жыйындын төрагасын кайра шайлоо маселеси талкууланды.

Алгачкы маселе боюнча райондогу айылдык кеңештердин депутаттарынын жана кошмо жыйындын өткөн жылдагы ишине канааттандырарлык деген баа берилди.

Кошмо жыйындын сессиясына айылдык кеңештердин 60 депутатынын ичинен 46 депутат катышты. Алар райондогу айылдык кеңештердин кошмо жыйынынын төрагалыгына кайрадан Акылбек Көчөрбаевди шайлашты. Ал мурдакы чакырылышта да төрага болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×