Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 11.02.2016 13:59

Айыл турмушу: Ала-букалык А.Кубатов куруттун түрүн жасап, килограммын 280 сомдон сатат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Жойбелент айылынын тургуну Ашырбай Кубатов куруттун түрүн жасап сатуу менен киреше табат.

А.Кубатов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, анын куруттарынын өзгөчөлүгү — көп түрдүүлүгүндө. Ал айранды кымыз сыяктуу бышып, андан соң курут кылат. Ошондой эле, сүзмөгө чөбөгө кошуу менен курут даярдайт.

Базарга чыккандан бери туруктуу кардарларын да тапкан. Куда тоскондордун көпчүлүгү А.Кубатовдон курут алып, андан сыйлуу тамак жасап, кудаларды сыйлашат.

«Биз буга чейин келинчегим экөөбүз уй саап, айран, сүт сатчубуз. Ошол айран, сүттү кайра иштетип, курут жасап сатып көрсөк кирешеси жакшы болот экен. Куруттун 1 килограммын 250-280 сомго чейин сатабыз. Айрым учурда курутту дааналап да сатбыз», - дейт А.Кубатов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×