Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 10.02.2016 14:01

Айыл турмушу: Бир күндө 1 жуп маасы тигүүгө үлгүргөн ала-букалык А.Ниязов 800 сомдон 1500 сомго чейин сатат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Сапалак-Сай айылынын 50 жаштагы тургуну Абжалил Ниязов 35 жылдан бери маасы тигип сатат. Бир күндө бир жуп маасы тигүүгө жетишем, деди ал Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде.

А.Ниязовдун айтымында, ал маасы тигүүнүн сырларын бала кезинде Ош шаарындагы чеберден үйрөнгөн.

Учурда өзү ачкан чакан чеберканада иштейт. Үйүнө издеп келип, буюртма берген кардарлар бар экендигин кошумчалады.

«Маасыларды сапатына жараша 800 сомдон 1500 сомго чейин базарда отуруп саткан сатуучуларга дүңүнөн өткөрөм. Маасыга суроо-талап кыш мезгилинде гана көп болгондуктан бул жумуш менен 3-4 ай гана алектенем. Ал эми жаздын келиши менен балдарым менен биргеликте дыйканчылык кылам», - деди А.Ниязов.

35 жылдык тажрыйбасында маасынын 3 түрүн сапаттуу тиккенди үйрөнгөн.

Анын колунан аялдардын, эркектердин маасылары жана байпак катары кийилүүчү маасылар даярдалат.

«Таза булгаарыдан тигилген маасылар кымбатыраак болот. Маасы үчүн керектүү каражаттарды Оштун "Кара-Суу" базарынан алып келем. Кирешеси Кудайга шүгүр жакшы, күнүмдүк керектөөлөрүбүзгө жетет», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×