Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 10.02.2016 10:37

Айыл турмушу: Сузактык уста жер титирөө катталган учурда сигнал берүүчү аппарат ойлоп тапты (фото,видео)

Turmush -  Сузак районунун Винсовхоз айылынын тургуну Калык Оморов жер титирөө катталган учурда сигнал берүүчү аппарат ойлоп тапты. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, мындан 5-6 жыл мурун чет мамлекетте түн ичинде жер титирөө катталып, андан бир нече жарандар каза болгон. Бул кырсык тууралуу кабардан таасирленип, атайын аппарат жасап көргөн. Жасаган аппараты үйүндө көп убакыт туруп, пайдаланылбай калган.

Былтыркы жылдын күз мезгилинде өлкө аймагында катталган жер титирөөлөрдөн улам кайрадан өзү ойлоп тапкан аппаратын жасоону уланткан. Эки апта ичинде эки аппарат жасап чыкканын айтат. Бул аппаратты ал чач кургаткычтын, кол чатырдын тетиктеринен жасаган.

«Кыргыз эли бешикте термелип чоңойгондуктан жер силкинүүнү бат сезе бербейт. Эгер мен жасаган аппарат үйдө болсо жер титирөө башталганда эле сигнал берип баштайт. Уйкуга кеткендер ойгонуп, сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк болот. Элдин баары эле сак эме, айрымдары катуу уктап калышы мүмкүн. Ошолорго жардам болот», - дейт ал.

Жердин тартылуу күчүн иштетсе боло турганын айткан ойлоп табуучу, атайын тетик жасап жатканын кошумчалады.

«Кээ бир адамдар күн нурун иштетип жатышат. Жердин тартылуу күчүн азырынча эч ким иштете элек. Жердин тартылуу күчү менен генераторду иштетип, суу насосун айлантса болот. Жердин тартылуу күчү аркылуу жасап жаткан табылгамды иштетем деп 4 жылдан бери алектенип жатам. Менин чөйрөм Алберт Эйнштейндин теориясына туура келет. Максатым — жердин айлануу күчүн иштетип, жасаган аппаратымды иштетип көрүү», - дейт ал.

К.Оморов айылда унаадан тартып муздаткыч, үтүк сыяктуу буюмдарды оңдоп, калыбына келтирген уста катары таанымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×