Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.02.2016 17:42

Жалал-Абадда бир жыл ичинде төрөттөн 16 эне каза болду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-февралда Жалал-Абад облусундагы ден соолукту коргоо боюнча медицина мекемелеринин 2015-жылда аткарылган иштеринин жыйынтыктары жана 2016-жылга карата белгиленген милдеттерин талкуулаган жыйын болуп өттү.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, жыйындын ишине аймактык ооруканалардын директорлору, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун директорлору, облустук саламатыкты сактоо тармактарынын жетекчилери, райондук жана шаардык СЭСтердин башкы дарыгерлери катышты.

Жыйынга саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мырзалиев, өкмөттүн алдындагы ММКФтин төрагасынын орун басары Алмаз Иманбаев, Улуттук фтизиатордук борборунун директору Абдулат Кадыров жана өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов катышты.

Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин жыйынын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору М.Миянов алып барды.

«2015-жылы башталган Сузак райондук аймактык ооруканасынын кардиология борборунун имаратынын курулушу аяктап калды. Заманбап шартта ыңгайлуулуктар жаралып жаткан Сузак райондук төрөтканасына республикалык бюджеттин эсебинен 2 млн 280 миң сом сарпталып, курулушу аяктоо алдында турат.

Өткөн жылы Сузак, Базар-Коргон жана Аксы райондорунда ФАПтар курулуп, ишке киргизилди. Облустук кан куюу борборун кайра калыбына келтирүү немистик банктын грантынын эсебинен 140 миң еврого бүткөрүлдү.

Ошого карабастан 2015-жылы облустун аймагында төрөттөн 16 эне жана 1 жашка чейинки 541 наристелер көз жумган. Учурда облустун аймагында 1,5 миң дарыгер жана 6 миң атайын орто билимдүү медицина кызматкерлери иштеп жатышат», - деди Маматжан Миянов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×