Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.02.2016 17:31

Айыл турмушу: Эт сатуу менен алектенген кара-көлдүк Н.Мейманова жумасына 3 уй сатып алат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Назгүл Мейманова бир жылдан бери эт сатуу менен ишкерчилик кылат.

Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, бул ишке анын иниси жардам көрсөтөт. Алар Токтогул районундагы жана Өзгөрүш айылындагы базарлардан жумасына үч уй сатып келишет. Бирөөсүн союп сатышат. Калган малды сойгонго чейин үй шартында багышып, андан соң кезеги менен атайын касапчыларга алып барып сойдурушат.

«Азыр эмне кылсаң бүт акча менен бүтөт. Мисалы, уйду акчага Токтогулдан сатып алып, аны Кара-Көлгө алып келүү үчүн жол киреге жана үйдө бакканга, андан соң сойдурганга дагы акча керек. Айына тапкан кирешебиз кээде өзүн актайт, кээде актабай калат. Орто эсеп менен алганда 3 миң сом таза киреше түшөт», - деди ал.

Н.Мейманова белгилегендей, эт сатуучу жайды бир жыл мурун 1 млн сомго сатып алган. Шаардагы банктардын биринен доллар менен насыя алган. Айына 333 доллар насыянын пайызын төгүп турат. Бирок, азырынча негизги сумма азайган эмес, аны төккөнгө мүмкүнчүлүк жоктугун айтат.

«Тапкан пайда аз да болсо берекелүү болсун деп жакшы үмүт, чоң максаттар менен алга карай иштеп жатабыз. Пайда табуу үчүн көп мээнет кылуу керек», - дейт ал.

Ал билдиргендей, иниси малды сатып алып, союп, сатууга этти даярдап берет. Ал даяр этти эртеден кечке чейин сатат.

«Кара-Көл шаарынын тургундары этти көбүнчө карызга алышат. Айлык алганга чейин жаздырып алып кетишет», - деп кошумчалады Назгүл Мейманова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×