Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.02.2016 13:03

Айыл турмушу: 28 жылдык тажрыйбасы бар кетмен-төбөлүк мугалим Р.Жолборсова окутуунун жаңы ыкмаларын колдонот (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө шаарчасынын 50 жаштагы тургуну Расия Жолборсова 28 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенет.

Р.Жолборсова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 1966-жылы Токтогул районунда жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1973-1983- жылдар аралыгында Фрунзе шаарындагы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун педагогика жана башталгыч класстарга билим берүү методикасы факультетин аяктаган.

Мугалимдик эмгек жолун 1987-жылы Кара-Көл шаарындагы №2 Ч.Түлөбердиев атындагы орто мектепте иштөөдөн баштаган. 1991-жылы Кетмен-Төбө шаарчасында жаңы ачылган Шамшыкал орто мектепте эмгек жолун уланткан. Учурда №5 К.Хуриев атындагы орто мектепте иштөөдө.

«Билим берүү тармагында 28 жыл иштеп, 7 башталгыч класстын окуучуларын окуттум. Балдардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө жакшы кесиптин ээлери болуп, коомго өз пайдасын кошуп жатышат», - деди Р.Жолборсова.

К.Хуриев атындагы орто мектептин директору Жаңыл Аттокурованын айтымында, Р.Жолборсова заманбап билим берүү методикасын колдонуп, окуучуларды жаштайынан текст менен иштөөгө үйрөтүп, көркөм адабияттарды окуганга кызыктырууда.

«Башталгыч каласстардын окуучуларына сабак берип, ата-энелерин класстык сабактарга чакырып, «Бирге окуйбуз» ыкмасын колдонуп жаткандыгы жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө. Ошону менен бирге жаш балдарга макал-лакап, табышмак, жаңылмачтарды үйрөтүп, жан дүйнөсүн билимге сугарып жаткандыгы бизди кубандырбай койбойт», - деди ал.

Р.Жолборсованын үзүрлүү эмгегин баалап, Кара-Көл шаардык кеңештин төрөгасы М.Жээнбеков шаардык кеңештин атынан баалуу сыйлык тапшырган.

Р.Жолборсова үй-бүлөлүү, 5 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×