Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.02.2016 15:55

Айыл турмушу: Андижанда өстүрүлгөн күрүчкө «кара жорго» атын берген кара-көлдүк соодагер Т.Кузиев (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 46 жаштагы тургуну, соодагер Толкунбек Кузиев «андижан» сортундагы күрүчкө «кара жорго» деген ат ыйгарган.

Т.Кузиев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, күрүчтүн бул түрү абдан даамдуу. Баткенден 1 килограммын 70-75 сомдон алып келип, Кара-Көлдө 90 сомдон сатышат. Өтүмдүүлүгү жакшы.

«Бул күрүчтөн жасалган аш абдан даамдуу болот. Анткени, күрүч бышканда анын дандары бадырайып, чоң-чоң болуп бириндеп калат. Бул күрүчтү диеталык десек да болот. Ал эми "чоң кара" деген күрүч Жалал-Абаддын Чоң-Кара деген жеринде өсөт. Анын даны чоң, бадырайган болот. Бирок бышканда "кара жоргодой" даамдуу болбойт», - деди ал.

Т.Кузиев «андижан» сорту деп саткандан көрө, «кара жорго» күрүчү деп саткан жакшы экендигин, кыргыз тилиндеги аталыш жагымдуу угула тургандыгын белгиледи.

«Айрым маалыматтарда Андижан мурда кыргыздын жери болгондугу тууралуу айтылат. Бирок, кийин өзбектерге карап калган. Андижандын күрүчү дегенден көрө, "кара жорго" күрүчү деген жакшы. Башында бул күрүчтөн демделген ашты жеп көрүп "керемет" деп атоо варианттары дагы болгон», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×