Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.02.2016 13:56

Айыл турмушу: Кетмен-Төбөдө 17 жылдан бери мугалим болуп иштеген А.Амиракулов 7 музыкалык аспапта ойнойт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө шаарчасынын тургуну Арген Амиракулов 7 музыкалык аспапта ойноп, 17 жылдан бери мектеп окуучуларына музыка сабагынан билим берип келет. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

А.Амиракуловдун айтымында, ал аккордеон, комуз, балалайка, мандалин, гитара, блок флейта, ямахада ойнот. Ал 1997-жылы Жалал-Абад шаарындагы Б.Алыкулов атындагы маданият техникумундагы эл аспаптар факультетинин үйлөмө аспаптар бөлүмүн бүтүргөн.

«Учурда №5 К.Хуриев атындагы орто мектепте музыка сабагынан мугалим болуп иштейм. Мындан сырткары сүрөт тартуу менен алектенем. Маданият техникумунда окуп жүргөндө Бегалы деген сүрөтчү агайдан атайын сабак алып, сүрөт тартуунун ыкмаларын үйрөнгөм», - деди ал.

Ал сабак берүүдөн тышкары чакыруулар түшкөндө тойлорго барып, ямахада ойноп берет.

«Мен аспапта ойногонум менен ырдай албайм. Мектепте кандай гана маданий иш-чара өтпөсүн барына катышып, таланттуу окуучуларга, мугалимдерге аккордеон, комуз, гитара, ямаха өңдүү аспаптарды чертип берем», - деп кошумчалады мугалим.

А.Амиракулов үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

97

98

97

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×