Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.02.2016 16:14

Жалал-абаддыктардын электр энергиясына болгон карызы 132 млн сомго жетти

Turmush -  2015-жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен «Жалал-Абад электр» ААК электр энергия үчүн 1 млрд 519 млн 991 миң сом чогултуп, планды 100%га аткарды. Бул тууралуу ААКтын маалымат кызматынан билдиришти.

Башкы директордун орун басары Нурманбет Алыбаевдин айтымында, мерчемдик көрсөткүчтөгү 1 млрд 519 млн 744 миң сомдун ордуна 1 млрд 519 млн 991 миң сом чогултулуп, мерчемдик көрсөткүч 100%га аткарылган, анын ичинде калктан 688 млн 13 миң сом чогултулган.

«2015-жылдын 12 ай ичиндеги коомдун жалпы жоготуусу мерчемдик көрсөткүчтөгү 14,2%дын ордуна 14,62%ды түздү. 2015-жылдын башында дебитордук карыздар 199 млн 544 миң 647 сомду түзгөн, жыл башынан бери карыздар 198 млн 16 миң 840 сомго чейин кыскарды же 1%га азайтылды. Анын ичинде калктын дебитордук карызы ушул жылдын 1-январына карата 132 млн 560 миң сомду түздү», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×