Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 03.02.2016 17:02

Айыл турмушу: Ала-Букадагы №21 кесиптик лицейдин кыздары кийизден улуттук буюмдарды жасап сатышат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы №21 кесиптик лицейде окуган кыздар кийизден улуттук буюмдарды тигип сатышат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Тигүүчүлүк боюнча 3-курста окуган Мадинанын айтымында, бир тайпада окуган кыздар жасаган эмгектери менен ар кандай көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан. Айрым учурларда буюртма алышат.

Алар көбүнчө улуттук кийимдерди, жаздык, оймо кийиз жана ар кандай буюмдарды кийизден кооздоп жасашат.

«Көбүнчө саймачылык өнөргө басым жасап, ар кандай улуттук орнаменттерди кездемеге түшүрүүнү жактырам. Жасаган буюмдардын айрымдарын каражат табуу максатында сатабыз, ал эми кээ бирин белек катары беребиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×