Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 03.02.2016 12:19

Айыл турмушу: Ала-букалык фермер Д.Усупбаев 1000 тоок багып, күнүнө 700 жумуртка сатат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы фермер Данияр Усупбаев 1000 тоок багып, күн сайын 700 жумуртка чогултат. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, ал чарба иштерин түптөө үчүн 1 млн сом жумшаган. Күн сайын 700 жумуртка чогултуп сатат.

«Тоок фермада 3 адам жумуш менен камсыз болгон. Күн сайын чогулган жумурткаларды райондогу дүкөндөргө сатабыз. Тооктор үчүн Жалал-Абад шаарынан тонналап жем сатып алабыз», - дейт Д.Усупбаев.

Ал белгилегендей, алгач фермердик чарбаны түптөө үчүн көптөгөн кыйынчылыктар болгон. Бул ишти өздөштүргөндөн кийин башкаларга да үйрөтүп, тажрыйбалары менен бөлүшүп турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×