Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 02.02.2016 13:02

Айыл турмушу: Ала-Буканын 70 жаштагы тургуну Ү.Айтбаев жыгачтан жасап, сатыкка чыгарган идиштери (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын 70 жаштагы тургуну Үзөн Айтбаев жыгачтан ашканага керектүү идиш-аяктарды жасап сатат.

Ү.Айтбаев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал жагачтан үй буюмдарын, көбүнчө ашканада колдонуучу чөмүч, кашык, аш такта сыяктуу идиш-аяктарды жасайт.

Ал буюмдарды заманбап технология менен эмес, мурдагы ыкма менен жыгачтардан жасайт. Ал буюм жасоодо болгону балта, чот жана бычак колдонот.

«Мен бул кесипти бала кезде агамдан үйрөнгөм. Бүгүнкү күнгө чейин ар түрдүү буюмдарды жыгачтан оюп жасайм. Көбүнчө долоно менен талды материал катары колдоном. Карылыкка муюн сунбай, бош отурганда жасаган буюмдарымды базарга алып чыгып сатып, каражат табам. Кашыктардын даанасын 50 сомдон, чөмүчтөрдү 150-200 сомдон сатам. Коом өнүгүп, заманбап буюмдар көп болсо да, жыгачтан жасаган бул буюмдарга суроо-талап көп», - дейт Ү.Айтбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×