Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.02.2016 09:59

Айыл турмушу: Кара-көлдүк К.Кыдыралиеванын кооз жиптерден токуган буюмдары (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 50 жаштагы тургуну Кошумкүл Кыдыралиева кышкысын түрдүү түстөгү жиптерден ар кандай кийимдерди жана үй буюмдарына кооз жабдыктарды токуу менен алектенет. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, ал 5-6-класста окуп жүргөндөн тарта ар кандай кийимдерди токуп баштаган.

«Бул тубаса талант окшойт. Анткени бирөөдөн атайын сурап үйрөнгөн жокмун. Болгону ар кандай журналдардан, китептерден түрдүү сүрөттөрдөн карап токуп баштадым. Кышкысын жөн отурбай ар кандай кийимдерди, үй буюмдарды жана эмеректерге түрдүү жабдууларды өзүмдүн фантазияма жараша ийне жана илме ийненин жардамы менен токуйм», - деди ал.

К.Кыдыралиевага атайын буюртмалар да түшөт. Көбүнчө кыздардын себине кошконго кооз чачыктарды, туткучтарды илме ийненин жардамы менен токуп берет.

«Жайкысын кыздын себине төшөк тигүү менен алектенем, ага буюртмалар түшүп турат. Кышкысын токуучулук менен күнүмдүк тиричиликке киреше табам», - дейт ал.

К.Кыдыралиева тигүүчүлүктөн тышкары кондитердик азыктардын түрүн жасайт. Ошондой эле, 15 жылдан бери геран, фиалка, аял бактысы, акчалай гүл сыяктуу гүлдүн түрлөрүн өстүрөт.

«Токуган байпактарды 300 сомдон, илме ийне менен токуганын 250 сомдон, жөн ийне менен токуганды 200 сомдон, чайнектин түбүнө түрдүү туткучтарды, жаш балдарга моюнга орогучтарды 150 сомдон, чоңдорго 300 сомдон токуйм. Мындан сырткары, айымдар үчүн жоолуктардын түрлөрүн ар кандай гүлдөр менен кооздоп токуйм», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×