Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абад облусу боюнча 160тан ашык медицина кызматкеринин орду бош

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелерине 161 медициналык кызматкер жетишсиз. Бул тууралуу облустук коллегияда белгилүү болду, деп билдирди кабарчы.

Жыйын учурунда маалым болгондой, негизинен терапевт, акушер-гинеколог, хирург, кардиолог, эпидемиолог, анестез-реаниматолог, окулист, неонатолог жана үй-бүлөлүк дарыгерлер жетишсиз болууда.

Медициналык кадрлар менен камсыздоо жана жаш адистердин региондордо иштөөсү үчүн шарттарды түзүү максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар иштеп жатканы менен дагы деле кадр көйгөйү бар, деп айтылды жыйында.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1904
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×