Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.02.2016 15:53

Айыл турмушу: Кара-Көлдө 4 баласын жалгыз баккан 30 жаштагы эне батирге муктаж (фото)

Turmush -  4 баласын жалгыз баккан Кара-Көл шаарынын 30 жаштагы тургуну Елена Рублева батирге муктаж. Е.Рублева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 2 уулу жана 2 кызы менен батирде жашайт.

«Жогорку билимим жок болгондугуна байланыштуу колумдан келген иштин барын жасайм. Эртең менен эрте туруп, кошуналардан акчасын мага эле бергиле, таштандыны чыгарып коем деп суранам. Андан соң нан бышырып, дүкөндөргө таратам. Майрамдарда пирожки бышырып сатам. Өзүм жашаган үйдүн подъезддерин жууйм. Балдарымды багуу үчүн колдон келген жумуштун аарын жасайм. Балдарым менин негизги байлыгым. Алар оорубаса, ден соолукта болсо экен деп тилейм.

Аларга азыртадан уурдабагыла, арак ичпегиле, кылмыш кылбагыла деп көп айтам. Өзүбүздүн үйүбүз жок. Батирден батирге көчүп, акча төлөп жашайбыз. Мени тааныгандар балдарыма эски кийимдерин берип турушат», - дейт ал.

Ал тапкан кирешесинен 1,5 миң сомду батирге төлөйт. Ошондой эле шаардын социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан балдарга жөлөк пул алат.

«Тапкан каражатым күнүмдүк тамак-ашка кетет. Болгону батир сатып алганга мүмкүнчүлүгүм жок. Бир бөлмөлүү батир же эски үй сатып алууга өкмөттөн же колунда бар инсандардан жардам сурайм», - деди ал.

Үстүндө үйү жок болсо да Елена Рублева балдарынын курчоосунда бактылуу. Үйүндө балдарынын бири-бирине болгон сүйүүсү, ишеничи бар. Бүгүн, 1-февралда апасынын туулган күнүндө балдары тааныштарына торт жасатып келип, куттукташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×