Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Катуу сөгүш алгандардын тизмесин Кара-Көлдүн жетекчиси М.Койчиев менен Майлуу-Суунун мэри З.Расулов баштады (тизме, фото)

Turmush -  Бүгүн, 29-январда Жалал-Абад облусунда 2015-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылып, 2016-жылдагы пландар талкууланды.

Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин катышуусу пландалган, бирок аба ырайына байланыштуу Жалал-Абадга келген жок.

Коллегияны өкмөт өкүлү Жумагүл Эгембердиева жыйынтыктап, 2016-жылда аткарылуучу негизги милдеттерге райондордун акимдеринин, шаарлардын мэрлеринин, айыл аймактардын башчылары менен облустагы тармактардын жетекчилеринин көңүлүн бурду.

Жыйынтыгында бир катар жетекчилерге сөгүш, эскертүү берилди, деп билдирди өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.

- Кара-Көл шаарынын мэри Манбет Койчиевге катуу сөгүш берилди;

- Майлуу-Суу шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Замирбек Расуловго сөгүш берилди;

- Сузак райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Хуснидин Режебалиевдин кызмат абалын кароо сунушталып;

- Сузак районундагы Атабеков айыл аймагынын башчысы Шухратилла Шералиевге райондук коллегияда алган сөгүшү эске алынды.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3111
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×