Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу 29.01.2016 17:32

Жалал-Абад облусунда бир жылда 15 жаңы өнөр жай ишканалары ишке кирди

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында 2014-2017-жылдарга стратегиялык өнүгүү программасынын жана Улуттук экономиканы чыңдоо жылынын иш-чараларынын алкагында 15 жаңы ири жана орто өнөр жай ишканалары ишке киргизилди. Бул тууралуу бүгүнкү коллегияда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов билдирди.

Анын жасаган баяндамасына караганда, Ала-Бука районундагы «Казахмыс Голд Кыргызстан» ЖЧКсын «Бозымчак» кениндеги фабрикасы август айында толук кандуу ишке кирип, 680 жумушчу орун түзүлгөн.

Таш-Көмүр шаарында жылына 8000 тонна битум чыгаруучу «SV Rihk LTD» ЖЧКcы 1-сентябрда ишке кирди жана 70 жумушчу орун түзүлдү. Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондорунда ишке берилген ишкана жалпысынан 139 жаңы жумушчу орундар түзүлгөн.

Жалал-Абад шаарындагы «Разави», «Востокнефть», «АрмадаАгро», Сузак районундагы «Резина -Продукт», «Фермер–Фактори» ЖЧКлары, «Мамытов»ишканасы, Базар-Коргон районундагы «Сымай» ЖЧК ишке киргизилип, аларда жалпысынан 410 жаңы жумушчу орундар түзүлдү.

Аксы районунда Япония өлкөсүнүн «JICA» программасынын алкагында күннө 30 тонна асфальт чыгаруучу завод ишке, жаңы жумушчу орун түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×