Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусу 29.01.2016 17:10

Жалал-Абадда 2015-жылы төрөттөн 14 эне каза болгон

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында былтыркы жыл ичинде төрөттөн 14 эне каза болгон. Бул тууралуу 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн облустук коллегияда айтылды.

Маалыматка караганда, облустук төрөт үйүндө - 5, Ала-Бука районунда – 3, Сузакта - 2, Ноокен, Токтогул, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларында бирден эненин өлүмү катталган.

«Энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү былтыркы жылга салыштырмалуу 0,8 көрсөткүчкө азайган», - деди өкмөттүн өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×