Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 28.01.2016 18:49

Өкмөт башчы Ала-Буканын жаңы акими Сонунбек Акпаралиев тууралуу буйрукка кол койду (фото)

Turmush -  Өкмөт башчы Темир Сариев 26-январда Сонунбек Акпаралиев тууралуу буйрукка кол койду.

Сонунбек Акпаралиев 12-январда Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп шайланган.

С.Акпаралиев

А 1

Жергиликтүү депутаттардын бири Жунус Бекешовдун айтымында, шайлоого жалпысынан 168 депутаттын ичинен 162 депутат катышты. Ала-Бука районунун акими кызматына 3 талапкер чыкты.

- Сонунбек Акпаралиев — буга чейин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеген;

- Бектур Сагынбаев — буга чейин Ала-Бука районунун 1-орун басары болуп иштеп, акимдин милдетин убактылуу аткарды;

- Садырбек Сатыбалдиев — буга чейин Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясындагы уюштуруу бөлүмүнүн бөлүм башчысы кызматында иштеген.

Шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Акпаралиев Сонунбек 95 добушка ээ болсо, Сагынбаев Бектур 64 добуш алган. Ал эми Сатыбалдиев Садырбек добуш алган эмес. 2 бюллетень жараксыз деп табылды.

Ала-Бука районунун мурунку акими Алымкул Кулуев кызматтан кетүү боюнча аз каалоосу менен арыз жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×